Бирдиктүү салык декларациясы түн ортосуна чейин кабыл алынат

Бирдиктүү салык декларациясы түн ортосуна чейин кабыл алынат

бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу түн ортосуна чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлайт.

1-мартка чейин белгиленген графикке ылайык, аймактык салык органдарынын кызматкерлери алдыдагы жана дем алыш күндөрү да декларацияны түн ортосуна чейин кабыл алышат.

Декларацияны иш убактыларында тапшырууга жетишпей калган салык төлөөчүлөр аны 18.00дөн кийин түнкү саат 24.00гө чейин , ал эми дем алыш күндөрү – саат 09.00дөн 24.00гө чейин тапшыруу мүмкүнчүлүктөрү бар.

Эске салсак, 1-мартка чейин Бирдиктүү салык декларациясын ата мекендик уюмдар, анын ичинде дыйкан жана фермердик чарбалар, ошондой эле Кыргызстандын  аймагында туруктуу мекемени түзүү менен ишин жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар берүүгө тийиш.

Ал эми 1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу (транспорт), кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга милдеттүү.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, 1240 номери аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>