Бишкек дүйнөдөгү эң кымбат шаарлардын ичинен 410-орунда турат

Бишкек дүйнөдөгү эң кымбат шаарлардын ичинен  410-орунда турат

Дүйнө жүзүндөгү эң кымбат шаарлардын ичинен Бишкек 410 — орунду ээледи. Бул тууралуу Numbeo статистикалык порталында жайгашкан. Аталган портал жыл сайын рейтингдерди жүргүзүп турганын «Акчабар» жазды.

Жүргүзүлгөн рейтингдин жыйынтыгына ылайык, топ-5 кымбат шаарлардын ичине Швейцариянын Цюрих шаары жана Баззель, Лозанна, Женева, Берн шаарлары кирген. 6 — 8 — тизмекте норвегиялык Ставангер, Тронхейм жана Осло шаарлары кирген. Исландиянын Рейкьявик жана АКШнын Нью-Йорк шаарлары биринчи ондуктун катарына киришти.

Рейтинг ар бир шаардагы кызмат, тамак-аш, кийим, ар түрдүү товар жана көңүл ачуучу жайлардын баалары боюнча жүргүзүлгөн.

Белгилей кетсек, Numbeo — дүйнө жүзүндөгү шаар жана өлкөлөр тууралуу маалымат берген ири база катары эсептелинет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>