Бишкек мэриясы абанын булганышынан улам үйлөрдүн терезесин көп ачпоого чакырат

Бишкек мэриясы абанын булганышынан улам үйлөрдүн терезесин көп ачпоого чакырат

Бишкек мэриясы организми сезгенчээк адамдарды маска тагынууга чакырат. Суук мезгил орун алгандыгына байланыштуу шаар тургундары үйүнө от жагып, мончолорго таштанды, желимдерди жагышат. Мындан улам абанын булганышы көрсөтүлгөн нормадан бир топ жогору болорун маалымат кызматынан билдирди.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарына көчөгө чыкканда медициналык маска тагынууга, үйдүн терезелерин көп ачпоого, мүмкүн болсо үйдүн ичиндеги абаны фильтрлөөчү каражатты орнотууга чакырат.

Учурда Бишкектеги абанын булганышынын индекси 50-100 микрограмм. Бул көрсөткүч орточо деп эсептелет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>