Бишкек мэриясына таандык батирлерди сатууга шектелген жаран кармалды

Бишкек мэриясына таандык батирлерди сатууга шектелген жаран кармалды

26 жаштагы жаран шаар тургундарына батир алып берем деп 583 миң доллар алып, изин жашырып жүргөн жаран өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылып жатканда кармалды. Бул тууралуу  Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдирди.

Ал Бишкектин мэриясына таандык батирлерди алдамчылык жолу менен сатып жибергени кабарланган муниципалдык мүлктү башкаруу башкармалыгынын мурдагы кызматкери болгон.

Маалыматка ылайык, 7-сентябрда Бишкек ШИИББинин криминалдык милициясы жана Баткен ОИИБинин кызматкерлери тарабынан 1993-жылы туулган А.Э. аттуу шектүү кармалган. Ал Лейлек районунан Кыргыз-Тажик чек арасы аркылуу өлкөдөн чыгып, андан ары Түркияга учуп кетүүнү пландаган.

Шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөөчүлөр ал жасады деген кылмышта башка кишилердин катыштыгы бар-жогун дагы териштирүүдө.

Буга чейин Бишкек мэриясы өзүнө караштуу муниципалдык мүлктү башкаруу башкармалыгынын кызматкери Эрик Ашыралиев документтерди жасалма түрдө оңдоп, Москва көчөсүндө жайгашкан сегиз батирди сатып жибергенин билдирген. Сөз болуп жаткан батирлер Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевге таандык болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>