Бишкек — Ош унаа жолундагы жол кырсыгы 4 адамдын өмүрүн алды

Бишкек — Ош унаа жолундагы жол кырсыгы 4 адамдын өмүрүн алды

Бишкек — Ош унаа жолундагы жол кырсыгынан 4 адам каза болуп,  1 адам жаракат алганын Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, кырсык 18-август күнү Суусамыр өрөөнүнүн аймагында болгон.

Анда «Хонда Торнео” үлгүсүндөгү унаа алдында бараткан “Мазда унаасын ашып өтмөкчү болгон. Бирок карама каршы тилкеде келпаткан «МАН» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасын көрүп, өз тилкесине кирмекчи болгондо, “Мазда”унаасын сүзгөн. Ал айланып барып жүк ташуучу унаанын астында калган. «МАН» унаасы болсо оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен каза болгон 4 адам «Мазда» унаасынын ичинде болгон. Дагы бир адам жабыркап Жайыл райондук аймактык оруканасына жеткирилген.

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>