Бишкек-Ош жолуна түшкөн кар көчкүдөн улам жол бир тараптуу жабылды

Бишкек-Ош жолуна түшкөн кар көчкүдөн улам жол бир тараптуу жабылды

Бишкек-Ош жолунда кар көчкү түшүп, жол бир тараптуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, кар көчкү 6-март күнү саат 16.00дө Чычкан капчыгайында түшкөн. Тазалоо иштерине 1 жүктөгүч жана 1 грейдер тартылган. Алдын ала маалыматка ылайык, жабыркагандар жок.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаан-чачынга жана  абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн экенин эскерткен.

иллюстрациялык сүрөт
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>