Бишкек-Ош жолунда кар көчкүнү атып түшүрүү иштери жүрүп жатат

Бишкек-Ош жолунда кар көчкүнү атып түшүрүү иштери жүрүп жатат

Бишкек-Ош жолунда копсуздукту камсыздоо максатында артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүнү атып түшүрүү иштери жүрүп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 20-феварль күнү  Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда автотрассанын 231 (Итагар тилкеси), Ала-Бел ашуусундагы тоолордун үч тилкесинен жалпысынан 20 380 м3 кар түшүрүлдү.

Кар көчкүнү атайын атып түшүрүү иш-чаралары 21-февраль күнү улантылат.

Министрлик күн жылыгандыгына байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн экенин айдоочуларга эскертет. Мындан улам ар бир унаанын ортосундагы аралык  500 метр болууга тийиш.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>