Бишкек-Ош жолунда кар көчкүнү атып түшүрүү иштери жүрүп жатат

Бишкек-Ош жолунда кар көчкүнү атып түшүрүү иштери жүрүп жатат

Бишкек-Ош жолунда копсуздукту камсыздоо максатында артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүнү атып түшүрүү иштери жүрүп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 27-28-январь күндөрү Бишкек-Ош жолунан жалпы 73 миң кубметр кар көчкү атып түшүрүлгөн.

Кар көчкү түшүрүлүп жаткан аймакта жол убактылуу гана жабылууда.

Аткылоо иштерин Башкы штаб жүргүзүүдө. Жолду түшкөн кардан тазалоо милдети Транспорт жана жол министрлигине жүктөлгөн. Ал эми ИИМ кар көчкүнү аткылоо учурунда жолдогу автоунаалардын кыймылына көзөмөл кылууда. Иш-чара жүрүп жаткан учурда «Тез жардам» кызматы нөөмөттө турат. Кар көчкүнү атып түшүрүү иши Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам кызматы тарабынан уюштурулууда.

Бүгүн, 29-январь күнү Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүлөрүн атайлап атып түшүрүү иш-чараларын жүргүзүп жаткан ӨКМнын жана Башкы штабдын ыкчам тобу Көчкү-Булак тилкесинен көчкүнү атып түшүрүү үчүн жөнөп кеткен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>