Бишкек-Ош жолунда оор жүк ташуучу автоунааларга чектөө киргизилди

Бишкек-Ош жолунда оор жүк ташуучу автоунааларга чектөө киргизилди

Аба-ырайынын кескин өзгөргөндүгүнө байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолунун 272-чакырымындагы «Чычкан» посттунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди.

Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдиргендей, чектөө киргизүү бүгүн, 10-февралда эртең мененки саат 07:00дөн башталган.

“Токтогул районунун аймагында кардын калыңдыгы 25-30 см түзүп, буга байланыштуу Ала-Бел ашуусунда жана Чычкан капчыгайында карды тазалоо иштери жүрүп жатат”, — деп жазылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>