Бишкек ЖЭБ кышка даяр, бардык жабдуулар текшерилди

Бишкек ЖЭБ кышка даяр, бардык жабдуулар текшерилди

Бишкек ЖЭБи кышкыга  даяр. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева билдирди.

Маалыматка ылайык, бардык жабдуулар керектүү көлөмдөгү оңдоп-даярдоо иштеринен өткөрүлдү.

«2019-2020-жылга күз-кыш жылытуу мезгили үчүн Бишкек ЖЭБине көмүрдү жеткирүүчүлөрдүн бири болуп «КонтактУглеПром» ТОО табылды. 1 027 219 008 сом бюджети менен 400 000 тонна көлөмдөгү Д, ДГ жана Г маркасындагы көмүрдү жеткирүүгө тендер 29-июлда жарыяланган. Баалоонун жыйынтыктары мамлекеттик сатып алуулар порталында 6-сентябрда жарыяланды. Жеткирүүлөрдүн графиги 2020-жылдын мартына чейин эсептелген, биринчи көлөмү сентябрда келет.

Учурда Бишкек ЖЭБинде 80 миң тонна көмүр бар. Кара-Кече отунун жеткирүүлөр жүргүзүлүп жатат. Станциянын үзгүлтүксүз иштеши үчүн ушул көлөм жетиштүү. Ошондой эле, ДСШ маркасындагы көмүрдү жеткирүүгө тендер ушул жумада жарыяланат. Жалпы күз-кыш жылытуу мезгилине Бишкек ЖЭБи үчүн 1 миллион 140 миң тонна көмүр даярдалат», — деп маалымдады басма сөз катчы.

Ишкана өткөн күнү 1 миллион 421 миң кВт/саат электр энергиясын иштеп чыккан. Ал эми кыш мезгилинде күнүнө 6-7 млн.кВт/саат чейин электр энергиясын иштеп чыгарат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>