Бишкек ЖЭБ соту: Сапар Исаков менен Айбек Калиев ишти карап жаткан судьядан баш тартышты

Бишкек ЖЭБ соту: Сапар Исаков менен Айбек Калиев ишти карап жаткан судьядан баш тартышты

Бүгүн, 6-ноябрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда айыпкерлердин сотко болгон өтүнүчү менен башталды. Бул тууралуу «super.kg» жазды.

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков сот Асанова менен Хафизовдун келишин камсыз кылбаса, өтүнүч кыларын белгилеп өттү. Мындан тышкары, Айбек Калиев, Жантөрө Сатыбалдиев эксперттерди күч менен алып келүүнү өтүнмө кылды. Мамлекеттик айыптоочулар: «Асанова, Хафизов жана эксперттер сурак беришкенин. Ал эми Асанова жүрөк оорусу бар болгондуктан, отурумга келе албайт», — деп айтышты.

Сапар Исаков негизги күбөлөр сотко келбесе, бул ишти карап жаткан судьядан баш тарта турганын айтты. Буга Калиев жана жактоочулар кошулду.

Сот залында судья, мамлекеттик айыптоочулар, жактоочулар жана соттолуучулар калды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>