Бишкек ЖЭБ соту. Жантөрө Сатыбалдиевдин кан басымы көтөрүлүп отурум 3-ноябрга жылдырылды

Бишкек ЖЭБ соту. Жантөрө Сатыбалдиевдин кан басымы көтөрүлүп отурум 3-ноябрга жылдырылды

Бүгүн, 31-октябрда Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш иши каралып, кийинки отурум 3-ноябрга белгиленди.

Отурумдун жылдырылышына айыпталуучулардын бири мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин ден соолугу начарлап кеткени себеп болду.

Сатыбалдиевди суракка алуу кезеги келгенде ал кан басымымы көтөрүлүп кеткенин айтып, суракты кийинкиге калтыруу өтүнүчүн келтирди. Андан кийин сот он мүнөттүк тыныгуу жарыялады. Бирок бир сааттан кийин деле Жантөрө Сатыбалдиев отурум залына келе алган жок.

Отурумду судья Инара Гилязетдинованын төрагалыгы алдында өтүүдө. Бүгүн мурдагы премьер-министр Сапар Исаков суракка алынды.

Эске сала кетсек, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энергохолдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Биримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>