Бишкекке Кытайдан 6 кыргызстандык студент келди. Алар атайын изоляторлордо

Бишкекке Кытайдан 6 кыргызстандык студент келди. Алар атайын изоляторлордо

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын төрайымдыгы алдында Эпидемияга жана эпизоотияга каршы республикалык өзгөчө комиссиянын жыйыны өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Жыйындын саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин коронавируска байланыштуу кырдаал тууралуу маалыматын угуп, талкуулашты. Бүгүнкү күнү коронавирус такталган учурлар жок, республикадагы эпидемиологиялык кырдаал туруктуу.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 28-январда эртең менен Кыргызстанга Үрүмчү шаарынан 6 кыргызстандык студент келген. Алар Үрүмчү шаарындагы Синьцзян университетинде окушат.

«Учурда бардык студенттер атайын чатырларда (изоляторлордо), буларга дайыма медициналык көзөмөл жүргүзүлүп жатат. Алардын ден соолугу канааттандыраарлык, эч кандай оорунун белгилери жана симптомдору чыккан жок. Азыр лабораториялык диагностикалык изилдөө иштери жүрүп жатат.

Кыргызстанга келген студенттер Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жана Саламаттык сактоо уюмунун бекиткен нормаларына жана сунуштарына ылайык санитардык-карантиндик аймакта тиешелүү текшерүүдөн өтүүдө», — деп маалымдалды министр.

Медицина кызматкерлеринин айтымында, бул кыргызстандык студенттер 2019-жылдын 27-декабрдан 2020-жылдын 21-январына чейин Кыргызстанда каникулда болушкан. Алар 2020-жылдын 21-январынан 2020-жылдын 27-январына чейин Үрүмчү шаарында болушкан.

Кыргыз студенттер Кыргызстанга Казакстан аркылуу келген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>