Бишкекте Өспүрүм 5-кабаттан кулап түштү

Бишкекте Өспүрүм 5-кабаттан кулап түштү

Бишкектеги Коёнкөзов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынан 16 жаштагы өспүрүм кулап түштү.

Бул маалыматты Бишкек милициясынын басма сөз кызматы тастыктап, бирок, баланын бийиктен кулашынын себептерин ачыктаган жок.

8-октябрь күнү окуя болгон жерге барган ыкчам топ кулаган бала  А.Э. аттуу 16 жаштагы өспүрүм экенин гана аныкташкан. Ал “Тез жардам” кызматы аркылуу №3 балдар ооруканасына жеткирилген.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө-териштирүү иштери жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>