Бишкекте 16 жашар кызды сойкулукка мажбурлаган 3 адам кармалды — сүрөт

Бишкекте 16 жашар кызды сойкулукка мажбурлаган 3 адам кармалды — сүрөт

Бишкекте жашы жете элек кызды сойкулук менен алектенүүгө мажбурлаган делип үч аял кармалды. Бул тууралуушаардык милициянын басма сөз кызматы билдирет. 

Маалым болгондой, 21-ноябрь күнү Ленин райондук милицияга К.А. аттуу адам арыз менен кайрылган. Арызда ал психикалык жактан жабыркаган 2003-жылы туулган тууганынын кызын чала таанышы күч колдонуп алып кетип, мажбурлап сойкулук менен иштетип жатканын жазган.

[su_image_carousel source=»media: 18890,18891,18892″]

23-ноябрда К.А. аттуу жаран милицияга экинчи ирет арыз менен кайрылып, 2019-жылдын 12-ноябрында Каракол шаарынан жашы жете элек Р.Н. аттуу жээнин уурдап кеткен эки адамга чара көрүүнү суранган.

Бул факттар Жазык кодексинин 166-беренеси (“Сойкулук жасоого тартуу”) жана 170-беренеси (“Адам уурдоо”) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, анын негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Издөө иштеринин жыйынтыгында 23, 24 жана 33 жаштагы үч аял шектүү катары кармалды. Үчөө тең убактылуу кармоо жайына киргизилген.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>