Бишкекте 5-класттын окуучусу автобустун эшигине кыпчылып калып мерт кетти

Бишкекте 5-класттын окуучусу автобустун эшигине кыпчылып калып мерт кетти

Бишкекте окуучу №18 автобустун эшигине кыпчылып, дөңгөлөктүн алдында калган. Ал окуя болгон жерден мерт кетти. Бул тууралуу Чүй обулусунун Жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 3-октябрда Күн-Туу айылында катталган. Анда автобустун айдоочусу жүргүнчүлөрдү түшүрүп жаткан учурда 5-класстын окуучусу  унаанын арткы эшигинен түшүүгө аракет кылган. Аны айдоочу байкабай автобусту айдап кеткен. Ал учурда өспүрүм салондун ичинен түшүп жетишпей калган.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>