Бишкекте 66 жаштагы жаранды өлтүрө сабаган адам кармалды

Бишкекте 66 жаштагы жаранды өлтүрө сабаган адам кармалды

Жаңы жыл түнү Бишкек шаарында 66 жаштагы жаранды өлтүрө сабаган адам кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка карганда, 1-январь күнү Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна оор абалда түшкөн. Ал токмоктон алган жаратынан улам каза болгон.

Бул факт Жазык кодексиндеги 138-берене (ден соолукка оор зыян келтирүү) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан шектүү катары 1977-жылы туулган З.К. аттуу жаран кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>