Бишкекте балдардын «Карек» кинофестивалы өтөт

Бишкекте балдардын «Карек» кинофестивалы өтөт

Бишкекте 14-15-ноябрь күндөрү балдар жана өспүрүмдөр арасында «Карек» кинофестивалы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Сынакка катышууга жаш режиссёрлордон жалпы 56 кыска метраждуу тасмалар келип түшкөн. Тандоо турунун жыйынтыгында 25 тасма тандалып, 15-ноябрь күнү алардын ичинен эң мыкты делген тасмалар сыйлыктарын алышат.

Фестивалга 10 жаштан  17 жашка чейинки балдар катышат.

Сынакка катышкан тасмалар  “Мыкты көркөм тасма”, “Мыкты даректүү тасма”, “Мыкты анимациялык тасма”, “Мыкты режиссер”, “Мыкты оператор”, “Мыкты сценарист”, “Мыкты монтажер”, “Мыкты актриса”, “Мыкты актер”, “Калыстардын атайын сыйлыгы”, «БУУнун Балдар фондунун атайын ТУМАР сыйлыгы» деген номинациялар үчүн ат салышат.

Ошондой эле жаш кино өнөрпөздор  “Манас” кинотеатрынын алдында кызыл килемден атактуу киночулар менен бирге өтүп, салтанаттуу Сыйлык тапшыруу аземине катышышат.

Жеңишке жеткен балдарга ноутбуктар, уюлдук телефондор жана фотоаппараттар ыйгарылып, эң мыкты болуп табылган үч катышууга фестивалдын атайын “Карек” статуэткалары да берилет.

Быйыл төртүнчү жолу уюштурулуп жаткан фестивалды Маданият, маалымат жана туризм, Билим жана илим министрликтери, Кинематография союзу,  БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ), Кристенсен Фонду жана Айтыш коомдук Фондунун колдоосу менен ишке ашууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>