Бишкекте банктын филиалын тоногондор кармала элек

Бишкекте банктын филиалын тоногондор кармала элек

Бишкектеги Юнусалиев менен Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишиндеги “ЭкоИсламикБанктын” филиалын тоноп кеткендер кармала элек. Бул тууралуу Reporter.kg`ге Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

«Азырынча шектүүлөр аныктала элек. Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышкерлерди аныктап, кармоо үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө», — деди басма сөз катчысы.

Белгилей кетсек, Бишкектеги Юнусалиев менен Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишиндеги “ЭкоИсламикБанктын” филиалы, 26-ноябрь күнү эрте менен куралчан эки киши тарабынан каракталган.

Айрым басылмалар каракталган акчанын жалпы суммасы 1,5 миллион сомго жакын экенин жазып чыгышкан.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>