Бишкекте болгон массалык мушташтын катышуучулары аныкталды

Бишкекте болгон массалык мушташтын катышуучулары аныкталды

Бишкектин Чыгыш-5 кичи районундагы мушташка катышкандардын өздүгү такталды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Мушташ болгон 19-ноябрь күнү милиция дароо окуя болгон жерге барып эч кими тапкан эмес. Ошого карабай милиция кызматкерлери аталган аймакты курчоого алып, үйлөрдүн биринен ур токмоктон оор жаракат алган 23 жаштагы К.И. аттуу баланы табышкан. Ал дароо тез жардам аркылуу Улуттук госпиталга жиберилген.

Көп узабай тартип сакчылары мушташка катышкандардын аты-жөнүн аныктап, аларды тергөөчүлөргө тапшырган.

  1. Жалал-Абад облусунун тургуну, 2001-жылы туулган Р.Н.;
  2. Жалал-Абад облусунун тургуну, 2000-жылы туулган Р.Н.;
  3. 3.Бишек шаарынынын тургуну, 2001-жылы туулган А.Б.;
  4. 4.Бишек шаарынынын тургуну, 2001-жылы туулган  Б.Б;
  5. 5.Нарын облусунун тургуну, 1998-жылы тууулган  Ж.Б.;
  6. 6.Нарын облусунун тургуну, 1997-жылы тууулган  У.К.;
  7. 7.Жалал-облусунун тургуну, 1997-жылы тууулган Э.Н.;
  8. Жала-Абал облусунун тургуну, 2001-жылы тууулган Т.А.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Белгилей кетсек, аталган мушташтын видеосу  “Короче” телеграм-каналына жүктөлүп, андан соң социалдык тармактарга тараган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>