Бишкекте бычак менен милицияга кол салган адам кармалды — видео

Бишкекте бычак менен милицияга кол салган адам кармалды — видео

Патрулдук милициянын кызматкерлери Бишкектин так ортосунда бычак көтөрүп жүргөн адамды кармашты. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кытчысы Улан Жумаков  билдирди.

“Учурда ал Биринчи май райондук милициясына алып келинди, азыркы тапта теришитрүү жүрүп жатат. Такталган соң толук маалымат берилет”, — деди Жумаков.

Ал эми Апрель телеканалынын кабарчылары окуяга күбө болуп, шектүүнү кармоо учурду баштан аяк видеого тартып алышкан. 

Окуя бүгүн, 20-ноябрь күнү саат 12:00 чамасында Жогорку Кеңештин имаратына жакын жердеги Чүй жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Ал эми Бишкек шаардык мэриясы №2 троллейбустун жүргүнчүлөрүнө бычак менен кол салганын, ал эми айдоочу өз учурунда патрулдук милицияга маалымат берип, аны кармоого көмөктөшкөнүн билдирди. Бирок видеодогу адам менен троллейбустагы адамдын бир экендиги азырынча тактала элек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>