Бишкекте Чүй-Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишиндеги тез татым өрттөнүп жатат — видео

Бишкекте Чүй-Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишиндеги тез татым өрттөнүп жатат — видео

Бүгүн, 8-ноябрда Бишкек шаарында тез тамактануучу жай өрттөнүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ӨКМге Свердлов районундагы Чүй проспектиси жана Эркиндик бульварында жайгашкан тез тамактануучу жайдан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 13:42де Свердлов райондук №3 АӨКБдан 2 бөлүм, саат 13:48де Октябрь райондук №5 АӨКБдан 1 бөлүм жана ШТАБ тартылган. Жалпы 3 бөлүм тилсиз жоону өчүрүүгө барды.

Аталган жерде «Антошка» аталышындагы тез татым тамактануучу жай жайгашкан.

Кошумча маалымат берилет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>