Бишкекте чак түштө мууздалган адамдын өздүгү аныкталды

Бишкекте чак түштө мууздалган адамдын өздүгү аныкталды

Бишкектин Арча-Бешик жаңы конушунда бычакталып өлтүрүлгөн адамдын өздүгү аныкталды.  Шаардык милициядан Reporter.kg`ге билдиргендей, маркум 1962-жылы туулган К.Ш. аттуу адам болгон.

Бул факты Жазык кодексиндеги «Адам өлтүрүү» беренеси менен  Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында бул кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган адамдын өздүгүн аныкталган. Учурда шектүүнүн жүргөн жерин таап, кармоо аракеттери көрүлүүдө.

Айта кетсек, бүгүн, 21-декабрь күнү саат 15:30да Арча-Бешик конушунда бычакталып өлгөн адамдын сөөгү табылган. Анын жүрөк тушунда жана кекиртегинде бычактын изинен калган жарааттары бар экендиги аныкталган. 

Айрым басылмалар шектүү маркумдун уулу экендигин жазышууда.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>