СҮРӨТ — Бишкекте чак түштө мууздалган адамдын сөөгү табылды

СҮРӨТ — Бишкекте чак түштө мууздалган адамдын сөөгү табылды

Бишкектин Арча-Бешик жаңы конушунда кекиртегинен мууздалган адамдын сөөгү табылды. Маалматты Reporter.kg`ге Бишкек шаардык милициясынын басма сөз катчысы Улан Жумаков тастыктады.

«Окуя тууралуу маалымат бүгүн саат 15:30да келип түшкөн. Окуя болгон жерге дароо ыкчам-тергөө кызматы жөнөп кеткен. Учурда жеринде териштирүү иштери жүрүп жатат. Толук маалыматты кийинчерек беребиз», — деди ал.

Ал эми «Азаттык» радиосу күбөлөргө таянып, киши колдуу болуп өлтүрүлгөн адам 50-60 жаштарда экенин жазды.

Басылманын маалыматына караганда маркумдун жүрөк тушунда жана кекиртегинде бычактын изинен калган жарааттары бар.

 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>