Бишкекте “Чечинген уят!” деген чакырык астында активисттер акция өткөрүшүүдө

Бишкекте “Чечинген уят!” деген чакырык астында активисттер акция өткөрүшүүдө

Бүгүн, 9-декабрда Бишкекте жарандык активисттер “Белгилүү маршрут” аттуу акция өткөрүп жатышат. Акциянын катышуучулары Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейинде болгон көргөзмөгө карата пикир билдиришүүдө.

Демилгечилердин айтымында,  “Чечинген уят!” деген чакырыктын астында чогулушту. Алар автобус менен баш калааны айланышып, коомдук жайларда эл менен пикир алышышат.  

Иш-чаранын негизги максаты кыргыздын маданиятын, үрп-адат, каада-салтын даңктоо менен, жаштарды коомго терс көрүнүштөрдөн оолак болууга чакырат. Акцияга Сүймөнкул Чокморовдун бир тууган жеңеси Карачач апа да наасат кебин айтуу үчүн “Белгилүү маршрут” акциясына кошулганын белгилешип, иш эртеңкиге чейин созулат. Жыйынтыгында атайын резолюция кабыл алынат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>