Бишкекте чектөөнү күчөтүү боюнча кошумча чаралар кабыл алынды

Бишкекте чектөөнү күчөтүү боюнча кошумча чаралар кабыл алынды

Бишкек комендатурасы Өзгөчө абал режимин камсыз кылуу боюнча кошумча чараларды кабыл алды. Шаардын коменданты Аалмаз Орозалиев кол койгон буйрукка ылайык, төмөндөгүдөй чектөөлөр киргизилди.

1. Шаар ичинде жөө жүрүүгө жана унаа менен жүрүүгө тыюу салынат, төмөнкү учурлардан сырткары:

  • жашаган жеринен жумушуна чейин жана жумушунан үйүнө кайтуу, жанында ишмердүүлүгү бекитилген тармактардын тизмесине кирген уюмдарда иштегени жөнүндө аныктамасы болушу керек;
  • каттоо маалыматтары, анын ичинде убактылууну эске алганда, жашаган жеринен 1,5 км алыс эмес радиустагы дүкөндөн азык-түлүк товарларын, дарыканалардан медициналык каражаттарды жана дары-дармектерди сатып алуу;
  • үй жаныбарларын, каттоо маалыматтары, анын ичинде убактылууну эске алганда, жашаган жеринен 100 метрден алыс эмес радиуста сейилдетүү, 30 минутадан көп эмес;
  • ыкчам учурлар боюнча медицина мекемелерине чыгуу;
  • адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан өзгөчө кырдаалда ж.б.у.с. учурларда үйдөн күтүүсүздөн чыгуу.


2. Туугандарга, досторго, кошуналарга ж.б. конокко барууга тыюу салынат;

3. Бир үй-бүлөнүн мүчөлөрүнөн сырткары, 3 адамдан көп топтор болуп чогулууга тыюу салынат;

4. Жашы жете электерге чоӊ адамдардын коштоосу жок жүрүүгө тыюу салынат;

 5.Шаардын жашоо ишмердүүлүгүн камсыз кылгандардан тышкары, бардык уюмдар менен ишканалар ишин убактылуу токтотсун.

6. Ишмердүүлүгүнө уруксат берилгендердин тизмесине кирбеген тармактардын бардык уюмдары жана ишканалары ӨА учурунда ишмердүүлүгүн токтотуп жана аралыктан же онлайн режимде жүргүзүлсүн.

18-марттан бери өлкө боюнча  коронавирусту 94 адам  жуктуруп алганы аныкталып, алардын үчөө сакайып ооруканадан чыкты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>