Бишкекте ээсин ала качкан атты автоунаа өлтүрө сүздү — сүрөт, видео

Бишкекте ээсин ала качкан атты автоунаа өлтүрө сүздү — сүрөт, видео

Бишкетин Арча-Бешик конушунда жүк ташуучу унаа ээсин ала качкан атты өлтүрө сүздү. Кырсыкка кайгуулга чыккан Ички коопсуздук аскер кызматынын жоокерлери күбө болгонун түзүмдүн өкүлү Азамат Оторбаев Reporter.kg агенттигине тастыктады.

Анын айтымында кырсык 17-март күнү саат 15:30 чамасында болгон.

“Биздин эки жоокер күн сайын милиция кызматкерлери менен бирге кайгуулга чыгат. Кайгуул учурунда алар ээсин ала качкан аттын жүк ташыган унаа менен кагышканына күбө болушкан. Кырсыктын кесепетинен ат окуя болгон жерде өлүп, үстүндөгү адамдын эки буту жана колу сынган. Кайгуулдагы милиция кызматкери жоокерлерге кырсык болгон жерди кайтартып, өзү ыкчам-тергөө тобун жана тез жардам кызматын чакырган”, — деп билдирди Оторбаев.


[su_image_carousel source=»media: 23964,23963″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>