Бишкекте кара түтүнгө каршы көргөзмө-акция өттү

Бишкекте кара түтүнгө каршы көргөзмө-акция өттү

Бүгүн 20-февралда Бишкекте абанын булгануусуна каршы #Бишкексмог аталышындагы кезектеги акция өттү.

Иш чарага 30га жакын экологдор, эксперттер жана сүрөтчүлөр катышкан. Сүрөтчүлөр экология темасына арналган сүрөттөрдү илишип, каалочулар атайын орнотулган тактага өз пикирлерин калтырышкан.

Мындан сырткары акциянын катышуучулары абанын булгануусун алдын алууга багытталган чечкиндүү чаралар көрүлбөй жатканын айтышкан.

Буга чейин дагы жарандык коом өкүлдөрү бийликтин экология маселесине көңүл бурушун талап кылып “Биз тумчугуп баратабыз! Бизге таза аба керек!” деген акция өткөрүшкөн.

 Суук түшкөндөн бери Бишкекти каптаган кара түтүн коомдун кызуу талкуусуна алынып келет. Шаар башкармалгы адамдарга бет кап кийип жүрүүнү сунуш кылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>