Бишкекте коменданттык саат учурунда асманга ок атылды

Бишкекте коменданттык саат учурунда асманга ок атылды

Бишкекте коменданттык саат учурунда мас абалында унаа башкарып, тартип сакчыларына баш ийбей качкан эки жигит кармалды.

Бултуураулу Ички иштер министринин орун басары — Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев бүгүн, 27-мартта эртең мененки онлайн брифингде айтты.

Анын айтымында, ал жарандар тартип сакчыларына баш ийбей карышылык көрсөткөнү үчүн эскертүү иретинде асманга ок атылган.

«26-март күнү саат 20:30 чамасында ак түстөсү «Тойота Виндом» автоунаасы Лев Толстой менен Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишинде блокпосттогу милиция кызматкерлерине документ көрсөтпөй токтобой качкан. Тартип сакчылары артынан кубалап, Ден Сяопин менен Патрис Лумумба көчөсүнүн кесилишинен токтотушкан. Унаанын ичиндеги азиат түспөлүндөгү, 25-30 жаштар чамасындагы балдар мас абалда каршылык көрсөтүшүп, милиция кызматкерлери табелдик тапанчасы менен эскертүү иретинде асманга 2 жолу ок чыгаргандан кийин баш ийип кармалган”, — деди Орозалиев.

Шаардын комендантты кошумчалагандай, кармалган жарандар бийлик өкүлүнө каршылык көрсөткөнү үчүн Ленин райондук милициясына өткөрүлгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>