Бишкекте «Коопсуз кан бардыгы үчүн» аталышындагы акция өтүүдө

Бишкекте «Коопсуз кан бардыгы үчүн» аталышындагы акция өтүүдө

Кан донорлорунун улуттук күнүнө карата Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын морфология корпусунда «Коопсуз кан бардыгы үчүн» аталышындагы акция өтүүдө. Акция 23-сентябрдан 27-сентябрга чейин уланат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

Кыргызстанда жыл сайын сентябрдын акыркы жумасы «Улуттук кан тапшыруу күнү” катары белгиленет.

Маалыматка караганда акыркы 25 жылда Кыргызстанда кан донорлорлорунун саны азайган. 1985-жылы алардын саны 178 миң 232 адамды түзсө, 2016-жылы 39 миң 426, 2017-жылы 37 миң 280, ал эми 2018-жылы, 39 миң 864 адам.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>