Бишкекте Кыргызстандын жана Азербайжандын Достук паркы курулат — сүрөттөр

Бишкекте Кыргызстандын жана Азербайжандын Достук паркы курулат — сүрөттөр

Бишкек шаарынын түштүк жагында Кыргызстандын жана Азербайжандын Достук паркы курулат.  Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-январда, Достук паркын курууга капсула салуу аземинде сүйлөп жатып, макулдашуу 2018-2019-жылдары болуп өткөнүн  билдирди. 

«Кыргызстан Азербайжан менен мезгилдин сыноосунан өткөн достук мамилелерин өнүктүрүүгө чоң маани берет», — деп баса белгилеген Сооронбай Жээнбеков. Ал Президент Ильхам Алиев баш болгон азербайжан тарабын парктын курулушуна көмөктөшүүсү үчүн ыраазычылык билдирип, бул эки элдин ортосундагы чыныгы достуктун символу болуп каларына ишенерин айткан. 

Парк Азербайжан Президенти Ильхам Алиевдин 2020-жылы Кыргызстанга боло турчу расмий визитинин алкагында ачылат.

Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматына ылайык, Кыргызстандын жана Азербайжандын Достук паркы 5,5 га аянтка жайгашат.

Башка инфраструктуралардан тышкары бул жерге фонтандар, бассейндер, ачык амфитеатр, балдар аянтчалары ж. б. орнотулат.
[su_image_carousel source=»media: 18077,18075,18074,18076,18078,18079,18080,18081,18082,18083,18084″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>