Бишкекте мечиттерди дезинфекциялоо иштери башталды — сүрөттөр

Бишкекте мечиттерди дезинфекциялоо иштери башталды — сүрөттөр

Коронавирустун алдын алуу максатында Бишкектеги мечиттерде дезинфекциялоо иштери башталды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан (Муфтят) кабарлады. 

Маалыматта айтылгандай, адистер сууга кошулмасы бар даары-дармекти мечиттин ичине, айнек-терезелерине, айланасына, дааратканасына чачып дезинфекциялоодо.

Бишкек шаарында жалпы 68 мечит болсо алардын баары кезек-кезеги менен күнүнө 2 жолу дезинфекцияланат.

хатибият, мечит, медресе жана окуу борборлоруна жума намаздарында, сабактарда коронавирустун алдын алуу жолдорун элге түшүндүрүү боюнча тапшырмалар берилген.

Буга чейин муфтият өлкө аймагындагы казыят, мечит, медресе жана окуу борборлору менен биргеликте жума намаздарында жана диний жыйындарда коронавирустун алдын алуу  боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп баштаган.
[su_image_carousel source=»media: 23092,23088,23086,23087,23091,23093,23085″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>