Бишкекте мыйзамсыз сакталган бир топ курал-жарак жана ок-дарылар табылды

Бишкекте мыйзамсыз сакталган бир топ курал-жарак жана ок-дарылар табылды

Бишкекте эки жайдан мыйзамсыз сакталган бир топ  курал-жарак жана ок-дарылар табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Такталгандай, буга чейинки козголгон кылмыш иштин алкагында, шектүү делген эки дарекке тинтүү жүргүзүлгөн.

Табылган курал-жарак жана ок-дарылар:

  • 1 даана 7,62- калибрдагы “Сайга” автоматы,;
  • 3 даана РПГ-18 куралы;
  • 3 даана граната (жардыруучу каражат);
  • 1 даана винчестер;
  • 5,45-калибрдагы  248 дана ок жана 1 даана 12-калибрдагы  ок;
  • 9 мм болгон 85 даана ок;
  • 10 мм болгон 171 даана  ок;
  • 7,62 мм болгон 700 даана ок;
  • 22 кылыч, 72 бычак;
  • кара түстөгү 2 даана бет кап;
  • автоматтын бир даана кутучасы (магазин) табылган.
    [su_image_carousel source=»media: 23928,23927,23926″ crop=»none» autoplay=»4″]

Мындан сырткары аталган даректен  19 ширенкенин кутучасына салынган 360 грамм “гашиш” жана 1 килограмм 910 грамм салмактагы “марихуана” баңгизаттары табылган.

Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдардын өздүгүн аныктоо жана аларды кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>