Бишкекте спорт залда өрт чыкты

Бишкекте спорт залда өрт чыкты

Бүгүн, 30-ноябрда эртең менен Бишкек шаарында машыгуу залынан өрт чыкты. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, өрт тууралуу маалымат өрт өчүрүү кызматына саат 09:20да келип түшкөн. Аны өчүрүү үчүн 2 бригида тартылган.

«Өрт курчоого алынды. Учурда аны өчүрүү иштери жүрүп жатат. Өрттөн жабыркагандар жок. Өрт Бишкектеги Максим Горький жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги машыгуу залынан чыккан«, — деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>