Бишкекте суукка тоңуп өлгөндөрдүн саны 12ге жетти

Бишкекте суукка тоңуп өлгөндөрдүн саны 12ге жетти

Өлкө аймагында 24-ноябрдан тарта аба ырайы кескин төмөндөөдө. Бишкекте сууктан тоңуп өлгөндөрдүн саны 12 адамга жетти. Бул тууралуу республикалык соттук-медициналык экспертизанын директору Данияр Кошоков билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-ноярдан 25-ноябрга караган түнү беш киши суукка тоңуп каза болгону аныкталган. Алардын үчөө аял, экөө эркек. Андан бери дагы суукка тоңгон жети адамдын сөөгү табылган. Милиция билдиргендей, алардын баары үй-жайсыз адамдар.

Буга чейин Бишкек шаарынын мэриясы шаарда суук күчөгөнүнө байланыштуу үй-жайсыз адамдарга убактылуу башкалка берүүчү түйүндөр ачылганын билдирген.

Жибек Жолу № 413 дарегинде «Коломто» борбору. Учурда бул жерде 74 адам бар. Бирок үй-жайы жок, көчөдө жүргөн деп катталып, жашап тургандардын саны 80ден ашат. «Коломтонун» телефону — 30-48-55. Фере көчөсүндөгү №34а үйүндө ушундай дагы бир жай иштөөдө. Анда 51 киши баш калкалап турат. Телефону: 36-03-35. Ошондой эле Токомбаев көчөсүндө жайгашкан «Тазалык» ишканасынын имаратына келип баш калкаласа болот. Телефону: 51-19-38.

Бүгүнтөн тарта өлкө аймагында абанын температурасы кескин төмөндөй турганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскерткен.

27-ноябрда абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз -2…-7°, Ош, Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5°, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -8…-13°, күндүз -4…-9°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -7…-12°, күндүз 0…-5°, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°,  күндүз -1…-6°, тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -5…-10°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>