Бишкекте таксист коронавируска чалдыгып, үйүндөгү алты адамга жуктурган

Бишкекте таксист коронавируска чалдыгып, үйүндөгү алты адамга жуктурган

Бишкекте таксист  болуп иштеген коронавирус жуктуруп, мындан улам үй-бүлөсүндөгү 6 адамга жуктурган. Бул тууралуу шаар мэри Азиз Суракматов маалымат жыйын учурунда билдирди.

«Карантин эрежесин сактабагандардын кесепети тууралуу  бир-эки мисал келтирейин. Биринчи мисал – бир үй-бүлөдө эле таксист болуп иштеген жаран коронавирусун жуктуруп, өзүнүн ооруп жатканын билбестен үй-бүлөсүнүн 6 мүчөсүн – жубайын, кызын, күйөө баласын, эки уулун жана небересин – кошо ооруткан. Экинчи мисал – башка үй-бүлөдө бир жаран 4 жакын тууганына ооруну жуктурган», — деди шаар башчысы.

Суракматовдун айтымында, борбор каалада 25 адам COVID-19 жуктурганы тастыкталып, алар 60тан ашуун жакын тууганы, 204 кесиптеши, дос-таанышы менен байланышта болгону аныкталган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>