Бишкекте тажик жараны өз мекендешин бычактап өлтүрдү

Бишкекте тажик жараны өз мекендешин бычактап өлтүрдү

Бишкектин “Дордой” базарынын айланасындагы “Кербен” базарында тажикстандын жараны бычакталып каза болду.

Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, окуя 12-ноябрда эрте менен болгон.

“Тажикстандык эки жаран акча маселесинен улам мушташа кеткен. Алардын бири экинчисинин төшүнө бычак сайып жиберген. Жабырлануучу оор жаракат алгандыктан окуя болгон жерден каза болгон”, — деп жазылат маалымматта.

Бул факт “Адам өлтүрүү” беренеси менен Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иш сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

30 жаштагы кылмышка шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>