Бишкекте 18 жаштагы жалган террорист кармалды

Бишкекте 18 жаштагы жалган террорист кармалды

Улуттук коопсуздук комитети жалган маалымат тараткан террористти кармашты. Бул тууралуу аталган кызматтан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 24-февралында “Инстаграм” социалдык тармагынын «_roma7unuzow» аттуу колдонуучусу “Шаардык универсалдык дүкөндө саат 17:30да террористтик актысы болот. Жанкечти даяр, анын ата-энесине 2 млн. АКШ доллары төлөндү” деп News.kg маалымат порталынын жаңылыгынын алдына комменатрий калтырган.

Бул факт боюнча материалдар КРнын кылмыш-жаза кодексинин 239-беренесинин 1-бөлүмүнүн (Терроризм актысы, башкача айтканда адамдарга өлүм коркунучун жаратуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ыкчам тергөө иштеринин жыйынтыгында колдонуучу Кыргызстандын жараны, Чүй облустунун тургуну, 2002-жылы туулган Р.Юнузов экендиги аныкталды.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Р.Юнузов кармалып, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына алынып келинген. Сурактын жүрүшүндө ал жасаган ишине өкүнүп, бейбаштыктан улам жазгандыгын билдирди.

Террористтик акт тууралуу маалымат тастыкталган жок. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Эскерте кетсек, КР Кылмыш-жаза кодексинин 239-беренесине ылайык террористтик акт жасоо коркунучун келтирген тарап 7 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>