Бишкекте тез татым тамактануучу жайдагы жарылуудан жабыркагандардын абалы айтылды

Бишкекте тез татым тамактануучу жайдагы жарылуудан жабыркагандардын абалы айтылды

Бишкектеги «Антошка» ашканасындагы жарылуудан жабыркаган сегиз киши Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда дарылануусун улантууда. Алардын абалы турукташып калды. Бул тууралуу бул оорукананын башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдиргенин «Азаттык» жазып чыкты.

Кубатбековдун айтымында, алгачкы күнү амбулатордук дарыланууга коё берилген бирөө эки күндөн кийин келип кайра жаткан. Анын денесинин эки пайызы күйгөн. Бардыгы жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулган.

Буга чейин айтылгандай, жарылуудан 26 жаштагы бир адамдын денесинин 30 пайызы, 30 жаштагы адамдын денесинин 25 пайызы, 17 жаштагынын денесинин 13 пайызы, 12 жана 15 жаштагы эки баланын денесинин 5 пайызы, 18 жаштагы дагы бир адамдын денесинин 3 пайызы күйгөн.

8-ноябрда Бишкекте, Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги «Антошка» тез татым ашканасында жарылуу болуп, бир адам ошол жерде мерт болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) өрттүн аянты болжол менен 100 чарчы метрди түзгөнүн, өрттүн себеби такталып жатканын кабарлады. Сот ашкананын ижарачысынын бөгөт чарасын карап, аны эки айга үй камагына алган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>