Бишкекте троллейбустар иштей берет — тизме

Бишкекте троллейбустар иштей берет — тизме

Кыргыз өкмөтү коронавирус илдетин жайылтпоо максатында 22-марттан тартып өлкөдө өзгөчө кырддал режимин киргизди. Мындан улам Бишкекте маршруттук таксилер токтотулду. Ал эми троллейбустар менен автобустар штаттык режимде иштөөгө өттү. 

Троллейбустук каттамдардын схемалары өзгөртүү кирген эмес, алар мурдагы  тартипте иштей берерин Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлайт.

№ 4 – «Эт комбинаты – Кожзавод»;

№ 5 – «Аламүдүн базары – Жал кичи району»;

№ 7 – «Ак-Өргө жаңы конушу – Туңгуч кичи району»;

№ 8 – «Лермонтов көчөсү – Ак-Өргө жаңы конушу»;

№ 9 – «Дыйканчылык институту – Аламүдүн-1 кичи району»;

№ 10 – «Эт комбинаты – Асанбай кичи району»;

№ 11 – «Асанбай – Чыгыш автобекети»;

№ 14 – «Жал кичи району – Киркомстром»;

№ 17 – «Кожзавод – Асанбай кичи району».

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>