Бишкекте жеңил унаа аялды сүзүп кетип, мерт кетти

Бишкекте жеңил унаа аялды сүзүп кетип, мерт кетти

Бүгүн, 18-ноябрда Бишкекте жеңил унаа аял кишини сүзүп, ал алган жаракатынан жеринен мерт кетти. Бул тууралуу Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Аталган башкармалыктын маалыматына ылайык, окуя борбордун Юнусалиев жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде саат 08:30 чамасында катталган. Nissan X-Trail унаасы аялды сүзгөн учурда анын бет маңдайында келе жаткан Toyota үлгүсүндөгү унаа аялды үстүнөн тебелеп кеткен. Учурда окуя болгон жерде Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери иштеп жатат.

Кошумча маалыматтар берилет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>