Бишкекте жетекчи ири суммада пара алып жаткан жеринен кармалды

Бишкекте жетекчи ири суммада пара алып жаткан жеринен кармалды

Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун (ФОМС) Бишкек аймактык башкармалыгынын жетекчиси пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, жетекчи 143 миң сом пара алып жаткан жеринен колго түшкөн.

Ал чет өлкөгө жумушка бараткан адамга медициналык аныктама жана башка документтерди даярдап бериш үчүн андан акча талап кылган.


 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>