Бишкекте жол кырсыгы катталып, 4 адам жабыркады

Бишкекте жол кырсыгы катталып, 4 адам жабыркады

Бишкекте жол кырсыгы катталып, 4 адам жаракат алды. Бул тууралуу Патрулдук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 14-мартта болжол менен саат 04:35 чамасында орун алган. Унааны 2000-жылы туулган А.И. аттуу айдоочу башкарып бара жаткан. Ал Самсунг үлгүсүндөгү автоунаасы менен Байтик Баатыр жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинен темир тосмону, андан кийин бакты сүзүп токтогон. Кырсыктан 4 адам ар кандай жаракат алып, Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилди.

Учурда автоунаа айып короосуна токтотулуп, кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>