Бишкекте жылуулук берүү 4 апрелден тарта токтотулат

Бишкекте жылуулук берүү 4 апрелден тарта токтотулат

Бишкек шаарында жылуулук берүү эртең, 4-апрелден тарта токтотулат. Бул тууралуу шаадык мэриядан кабарлашты.

Маалым болгондой, аталган маселе боюнча штабдын отуруму өтүп, анда жылуулук берүүнү токтотуу боюнча чечим кабыл алынган, эми буйрукка мэр Азиз Суракматов кол коюшу керек.

Борбор калаада жылуулук берүү 19-мартка караган түнү токтотулуп, бирок абанын температурасы төмөндөгөнүнө байланыштуу 25-марттан тарта кайрадан жылуулук берилген.

Рубрики: КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>