Бишкекте жылуулук берүү качан токтотулары айтылды

Бишкекте жылуулук берүү качан токтотулары айтылды

Бишкекте жылуулук берүү март айынын аягында токтотулат. Бул тууралуу «Бишкек жылуулук энерго» ишканасынын башкы инженери Баимбет Байгараев билдиргенин «sputnik.kg» жазды.

Байгараевдин айтуусунда, план боюнча жылуулук берүү жыл сайын март айынынын башында токтотулмак.

«Бирок аба ырайы туруктуу болбой, айрым учурда күн -8 градуска чейин сууктап кетип жатканына байланыштуу бул жылы жылуулук берүүнү март айынын эаягына барып аяктайбыз. Жылуулук берүүнүн атайын иштелип чыккан санитардык норма жана эрежелери бар. Андагы нормативдик көрсөткүчтөргө ылайык, Бишкек шаарынын тургундарына жыл сайын жылуулук 150 күнгө берилет», — деп билдирген ал.

Борборго жылуулук берүү өткөн жылдын ноябрь айынан башталган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>