Бишкектеги үрөй учурган жол кырсыгынан үч адам каза болду — сүрөт 

Бишкектеги үрөй учурган жол кырсыгынан үч адам каза болду — сүрөт 

Бишкектин Элебесов жана Тульский көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, үч адам каза болду. Бул маалматты Кайгуул милициясынын басма сөз катчысы Байказы Айтикул уулу тастыктады.

Анын айтымында кырсык 18-январда саат 18:30 чамаларында болгон.

«Mitsubishi үлгүсүндөгү кичи автобус менен «Жигули» автоунаасы кагышкан. Окуя болгон жерге укук коргоо органдары жана Тез жардам кызматы барган. Каза болгон үч адам» Жугили» унаасынын жүрөгүнчүлөрү болгон. Учурда кырсыктын чоо-жайы такталууда. Толук маалымат кийинчерек берилет», — деди Айтикул уулу.

Окуянын күбөлөрү кырсыктын сүрөттөрүн  «Бишкек Сегодня» Telegram каналына жүктөгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>