Бишкектеги атышууга катыштыгы бар 2 адам кармалды — сүрөт, видео

Бишкектеги атышууга катыштыгы бар 2 адам кармалды — сүрөт, видео

Бишкектин Чапаев жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишиндеги атышууга байланыштуу эки адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер  министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт. 

Белгисиз унаада жүргөн адамдар саат 19:35де Чапаев жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде Тойота Авенсис үлгүсүндөгү унаага карай бир нече жолу ок чыгарган. Тойота унаасынын ичинде 3 адам болгон. Алар унаа менен батышты көздөй качышкан да, кайра ок чыгаргандардын артынан түшкөн. Мындан улам бир катар жол эрежелерин бузушуп, соңунда кырсыкка кабылышкан.

[su_image_carousel source=»media: 15550,15551,15549,15547,15548″ limit=»36″ crop=»none»]

Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө 24 жаштагы Т. уулу И. жана М.Н. аттуу жарандар шектүү катары кармалган. Алардын  жанынан Макаров тапанчасы табылган.

Мындан сырткары окуя болгон жерде 6 гильза табылган. Жабырлануучулар №4 Бишкек шаардык  ооруканасына жеткирилген.

Терөөнүн баштапкы маалыматына караганда, шектүүлөр жана жабырлануучулар Токтогул районунун тургундары болгон.  Алар 1, 5 жылдан бери өз ара касташып келишкен.

Бул факт Жазык кодексиндеги “Адам өмүрүнө кол салуу” беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>