Бишкектеги башаламандыкта «Вега» компаниясы 4 млн сом, Бишкек мэриясы 2 млн сом зыян тартты

Бишкектеги башаламандыкта «Вега» компаниясы 4 млн сом, Бишкек мэриясы 2 млн сом зыян тартты

Үстүбүздөгү жылдын 7-8-август күндөрү Кой-таш айылында жана Бишкектеги башаламандыкта «Коопсуз шаардын» камералары талкаланган. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматынан кабарлады

«Бул алдын-ала алынган маалымат. Дагы бул сумма такталат. Башаламандык учурунда 7-Апрель жана Аалы Токомбаев, Чүй кең көчөсү менен Ибраимов, Чүй кең көчөсү менен Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги видеобайкоо жүргүзгөн жабдыктар талкаланган. Жабдыктарды талкалоо учурунда камерага түшүп калган видеоматериалдар чогултулуп укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Жогорудагы айтылган жердеги камералар кыска убакыттын ичинде калыбына келтирилет», — деп жазылат маалыматта.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ал эми Башкы прокуратура массалык башаламандыктан жалпысынан «Коопсуз шаардын» 34 камерасы талкаланганын маалымдаган.

Мындан тышкары Бишкек мэриясынын маалыматы боюнча бул башаламандыкта мэрия дагы 2 миллион сом чыгымга учураган. Аталган күндөрү Бишкектин мэри Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн 70 автобус бөлүнгөн. Бөлүнгөн автобустардын 30унун айнеги талкаланып, бир автобус жарактан чыккан. Баштапкы эсеп боюнча аларды ондоого 2 миллион сом керектелет. Андан тышкары күнүмдүк киреше 100-120 миң сомго азайып, 60 айдоочу убактылуу жумушсуз калды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>