Бишкектеги «Калыс-Ордо» конушу жайдын аптабында ичүүчү суусу жок калды

Бишкектеги «Калыс-Ордо» конушу жайдын аптабында ичүүчү суусу жок калды

Бишкектин четиндеги «Калыс-Ордо» конушунун I-кварталында 5-6 жылдан бери жай айларында ичүүчү суу чыкпай калат. Бул тууралуу аталган конуштун тургуну Максат Надырбеков Reporter.kg`ге билдирди.

Анын айтуусунда, жыл сайын суу чыкпай калган учурда конуштун жашоочулары чогулуп, тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлерине кайрылып, алар менен суу маселесин чечүү тууралуу кеңешме өткөрүшөт. Бирок бүгүнкү күнгө чейин суу көйгөйү чечилбей келет.

«Биз Биринчи Май районуна, тактап айтканда, шаарга карайбыз. Өткөндө мэрдин орун басары келип, «суу маселесин чечип беребиз» деп кетишкен. Ошол боюнча дагы деле жооп да, аракет да жок. Жашоочулар эскерткенбиз айланма жолду тозобуз (объезд) деп. Бүгүн аталган конуштун I-кварталынын эли дагы чогулабыз. Эмне себептен бул маселе чечилбей жатканын билбейбиз. Же бөлүнгөн акчаны жеп коюшканбы? Бишкек суу каналынын карамагына өтө элек экен. Аларга кайрылсак, бул жер бизге тиешелүү эмес деген жүйө менен карабай жатат. Мунун кесепетинен ортодо эл кыйналууда», — деди Надырбеков.

Бул конуштун эли бүгүн, 26-июлда саат 20.00дө чогулуп, кайрадан суу маселесин көтөрүшөт. Тиешелүү мамлекеттик мекемелдин өкүлдөрү да келип, жергиликтүү тургундар менен жолугат. Кызматкерлердин эл менен жолугуусунда көйгөй чечилип, майнап чыгабы? Ал тууралуу дагы биздин Reporter.kg кененирээк маалымат берет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>