Бишкектеги ресторандан чыккан өрттөн 4 киши түтүнгө ууланган

Бишкектеги ресторандан чыккан өрттөн 4 киши түтүнгө ууланган

Бишкектеги Жаш Гвардия бульвары менен Пушкин көчөлөрүнүн кесилишиндеги  ресторандан чыккан өрттөн 4 киши түтүнгө ууланган. ϴзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, алардын үчөө ооруканага жеткирилген.

“Бир адам ооруканадан баш тарткан, 35, 33 жана 29 жаштагы 3 адам №4 шаардык ооруканага жеткирилген. Абалдары туруктуу”, — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, жогоруда айтылган даректе 17-июль саат 16:21де өрт чыккан.  Өрттүн кесепетинен ресторан, суулук салон жана дүкөн күйгөн. Тилсиз жоо менен күрөшүү үчүн өрт өчүрүүчү 5 бөлүм тартылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>